Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 527 | 0

Бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарында Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин XV жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган жолугушуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерининин төрагалыгы астында жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өтөт.

Министрлик жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин жаңы стратегиясы көргөзүлүп, анын мындан ары ишке ашырылуусунун негизги багыттары талкууланат.

Ушул жылдын 17-июнунда Евробиримдик тарабынан жактырылган бул стратегия Европа Биримдигинин Борбор Азия менен кыйла бекем өнөктөштүгүнүн жаңы көз карашын билдирет жана 2007-жылы түзүлгөн «Аймактар аралык алака» стратегиясын жаңылайт.

Copyright © 2017 Maral FM