Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңештин депутаттарына жогорку билим керекпи?

Саясат | 20 Ноя 2019 | 662 | 0

Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорунун жол-жоболору каралды. Демилгечилер жергиликтүү кеңештин депутаттары жогорку билимдүү болушу керектигин айтышты. Ошол эле учурда 2018-жылы кабыл алынган мыйзамда «жергиликтүү кеңештин депутатынын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу керек» деген норма жок экени да айтылды. 

Демилгечилердин айтымында максат өлкөнүн аймактарын мамлекеттик башкарууда акимиаттардын ролун күчөтүү жана акимдерди дайындоо тартибин Конституцияга ылайык келтирүү, министрликтер менен башкаруу мекемелеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата акимдердин ыйгарым укуктарын жоюу болуп саналат.

Талкууда депутат Нурбек Тотонов айылдык кеӊештердин кошмо жыйыны район акимине ишеним көрсөтпөө ыйгарым укугу бар экендигин айтып, долбоордо эмне себептен алынып жаткандыгына кызыкты. Демилгечи депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, мындай түзөтүү Башмыйзамга ылайык, жүргүзүлүп жатат:

-Бул беренени Конституцияга шайкеш келтирип жатабыз. Ал Конституциядан алынган. Мындан ары кошмо жыйындар жок болот. Эгерде боло турган болсо, ал сунуш гана бере алат. Мындан ары акимди коюу жана алуу өкмөт башчынын түздөн-түз милдетине кирет.

Талкуунун жүрүшүндө Депутат Тариель Жоробеков мыйзам долбоорунда муниципиалдык кызматтарда иштегендердин жергиликтүү кеӊештерде депутат болушу коррупцияга алып келиши мүмкүндүгү сыяктуу кемчиликтери бар экенин белгиледи.

Мындан сырткары, айылдык кеӊештин депутаттарына жогорку билимдин талап кылынышы кайчы пикирлерди жаратты. Эл өкүлү Зияидин Жамалидинов жогорку билими жок, бирок айыл турмушун оӊдоого салым кошо турган жарандардын арбын экенин айтып, жогорку билимдин талап кылынышы боюнча сунушка каршы экенин айтты:

-Жергиликтүү кеңештин депутаттары жогорку билимдүү болушу керек дегенге мен толугу менен каршымын. Айыл жеринде бүгүнкү күндө билими жок эле тиешелүү деңгээлде иштеп, элге кызматын кылган адамдар көп. Эгерде жогорку билимди киргизип койчу болсок, кайрадан коррупция башталат. Алар жогорку билимди сатып алууга аракет кылышы мүмкүн.

“Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерине жогорку билим зарыл эмес” деген пикирин ЖК төрагасы Дастан Жумабековда да айтты. Төрага оюн жогорку билимдүүлөр адатта аймактарда жок болуп калуусу мүмкүндүгү менен толуктады. Мындан улам БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарына кандай талаптар каралганы жөнүндө маалымат берди:

 -Шайлоо мыйзамдары өркүндөтүү боюнча стратегиянын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын пакетин караган учурда “жергиликтүү кеңештин депутаттары жогорку билимдүү болсун”  деген сунуш болгон. Ал эми талкуунун жыйынтыгында “жалпы-орто билимден төмөн эмес билими бар талапкерлер каттталса болот” деген жыйынтык чыгарылган. Жогорку билим боюнча сунуш өткөн эмес.  

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жогорку билими боюнча коомдук ишмер Накен Касиевдин да пикирин угуп көрдүк. Ал буга кошумча айылдык кеӊештердин кошмо жыйыны район акимине ишеним көрсөтпөө ыйгарым укугу боюнча да ой бөлүштү:

-Жогорку билими барлардын баары эле шаарга кетип калбадыбы. “Айылдык кеңештин депутаттары атайын же орто билимдүү болсо жетиштүү болот” деп ойлойм. Анан айылдык кеңештердин депутаттарын чогултуп, райондун акими жылына бир жолу отчет берип турушу керек. Жыйынтыгында, аким депутаттардын 50 же 70 пайыздан ашыгынын ишенимине ээ боло албаса, анда кызматтан кетиши керек.

Ошондой эле талкууда депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын башкаруу системасын реформалоону же алга жылдырарын же токтоторун баса белгилесе, эл өкүлү Кенжебек Бокоев акимдер тарабынан айыл өкмөттөрүнө түз башкаруу киргизилери белгиленген ченемдер Башмыйзамга каршы келерин айтты. Жалпы эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлер, долбоор 2-окууда каралганда эске алынмай болду.

Жыйынтыгында, мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM