Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча жогорку балл алды

Кыска кабар | 19 Окт 2019 | 834 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.

Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды.

Ал ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши менен таанышты. Анда сөз сүйлөп жатып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мындан ары да күч-аракетин жумшай берерин белгиледи.

Абылгазиевдин айтымында, мамлекеттик тилдин өнүгүүсү эң биринчи мамлекеттик башкарууда, мыйзам жана иш жүзүндө, коомдогу бардык чөйрөлөрдө жана бизнесте колдонулушуна байланыштуу болот.

Тестирлөө бүткөндөн кийин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 – жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM