Биз менен байланышыңыз

Түркиянын бир өрөөнү кургатылган өрүктөн 147 млн доллар киреше тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 1270 | 0

Түркиянын Малатия аймагында кургатылган өрүктү экспорттоодон 9 айда 147 миллион доллар киреше түштү. Бул тууралуу ТРТ порталы жазды.

Маалыматка ылайык, Малатияда ушул жылдын январь  —  сентябрь айларында 68 миң тонна кургатылган өрүк экспорттолгон. Ал жалпы 147 миллион долларга бааланган.

Дүйнөлүк кургатылган өрүк өндүрүүнүн 85 пайызы так ушул Малатия аймагына туура келет. Акыркы жылдары бул аймакта өрүк как экспорту өсүп жатат.

Малатия өрүгү — Антеп баклавасы жана Айдын анжиринен кийин Европа Биримдигинин ичиндеги географиялык белгиси алынган үчүнчү продукция болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM