Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Токтогул ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 448 | 0

Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, энергетика тармагы мамлекеттин Ички дүң продуктусунун 7 пайызын камсыз кылат. Электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга  көбөйсө — жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт.

Учурда республиканын жылдык керектөөсү 12,5 млрд. килоВатт саатты түзөт. Энергиянын 60 пайызы калк тарабынан, калган 40 пайызы бюджеттик мекемелер жана бизнес тарабынан керектелет.

Өлкөдөгү электр энергиясынын көпчүлүк бөлүгү, тагыраак айтканда 90 пайызы, ГЭСтер тарабынан өндүрүлөт. Анын ичинде Токтогул ГЭСи — эң ири жана эң маанилүү электр станциясы.

 

Copyright © 2017 Maral FM