Биз менен байланышыңыз

Казакстанда күйүүчү май салыштырмалуу 10-15 сомго арзан. Себеби эмнеде?

Коом | 17 Окт 2019 | 526 | 0

Күйүүчү майдын баасы кошуна өлкөгө салыштырмалуу кымбат экенин коомчулук бир топ убактан бери талкуулап, өкмөттүн дарегине сын айтып келет. Эл өкүлдөрү да бул маселени парламентте көтөрүп, «өкмөткө тапшырмаларды бердик» дегени менен бензиндин баасында өзгөрүү байкала элек.

17-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Эптеп элдин акчасын алмайбы?» — деп суроо салган эл өкүлү Кенжебек Бокоев эң арзан товарды издеп ташып келүү өкмөттүн милдети экенин эске салды.

— Бензиндин баасы кошуна Казакстанга салыштырмалуу 15 сомго кымбат. Жаныбыздагы кошунада арзан турса, эмнеге Орусиядан ташыйбыз? Же бул атайын жасалып жатабы? Саботажбы? «Биздин эл кымбат алсын», — деп, эптеп элдин акчасын алмайбы? Биз эң арзан товарды издеп ташып келүүбүз керек. Бул — өкмөттүн милдети!  

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатовдун билдиришинче, Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан ташып келгендиктен, баасы кошуна өлкөгө салыштырмалуу кымбат. Ал эми Казакстандан экспорттоо боюнча келишим бир жылдан бери талкууланып, бирок кол коюла электигин белгиледи.

— Бизде нефть жок. Биздин кайра иштетүүчү заводдор жогорку сапаттагы бензинди чыгарбайт. Кыргызстанга күйүүчү май Орусиядан ташылып келинет. Казакстан өздөрү мунай таап, заводдордо иштеп чыгат. Мындан сырткары, алардын салык саясаты биздикине караганда башка. Ал эми Казакстандан бизге экспорттоо боюнча келишимге кол коюла элек. 2018-жылдын август айынан бери талкуу, сүйлөшүү болуп жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов Казакстан менен келишимдин түзүлбөй жаткандыгы боюнча өзүнүн ою менен бөлүшүп, кошуна өлкөнүн «бензин экспорттоого даярбыз» деген кебин эске салды.

— Бизге Казакстан «Силерге көлөм беребиз, бензин беребиз», — деп сунуштап жатат. Бирок дизель майы жөнүндө айткан эмес. Экинчиден, Орусия: «Анда казактардан алган көлөмүңөрдү кыскартабыз», — дешүүдө. Ал эми кыскартканда Казакстан: «Өзүбүздөн ашыкча болгон көлөмдү берип турабыз», — дейт. Мындайча айтканда, аларда таңкыстык болгондо бербей калуусу мүмкүн.

Адистердин айтымында, дүйнөдө өлкөлөр арасында тирешүүлөрдөн улам мунайдын баасы туруктуу болбой, анын таасири Кыргызстанга да тиет. Мындан сырткары, мунай алдын ала түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн нарк менен сатылат. Ошондуктан, рынокто мунайдын баасы төмөндөсө да, күйүүчү май арзандабай, наркы туруксуз болушу мүмкүн.

Кыргызстан жылына 1,5 млн тонна күйүүчү май керектейт. Анын 300 миң тоннадан ашыгы Кыргызстанда өндүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM