Биз менен байланышыңыз

18-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 368 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 18-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 1….6… күндүз: 15…..17°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 0….5….күндүз: 13…..18°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 3…..8….күндүз: 19…..24°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 8……13°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -2….3…..күндүз: 8…..13°C;

18-октябрда Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 15……17°C, түнкүсүн 3..… 5°C.

Copyright © 2017 Maral FM