Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда 20 миңден ашык соттолуучуга мунапыс берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 549 | 0

Тажикстанда 20 миңден ашык шектүүгө, айыпталуучуга жана соттолуучуга ырайым берүү каралууда. Мындай долбоорду өлкө президенти Эмомали Рахмон сунуштады. Бул тууралуу 16-октябрда мамлекет башчынын сайты жазды.

Президент сунуштаган «Мунапыс тууралуу» мыйзам долбооруна ылайык, жалпысынан 20 миңден ашык шектүүгө, айыпталуучуга жана соттолуучуга ырайым берүү каралууда. Алардын ичинен үч миңден ашык адам абактан чыкса, дагы беш миңи эркинен ажыратууга байланышпаган башка жазалардан бошотулат. Мындан тышкары, мыйзам учурда иштери тергелип жаткан же сотто каралып жаткан эки миңден ашык адамга да колдонулат.

Маалыматтар боюнча, бул мунапыстын алкагында оор кылмыш кылып, бирок 12 жылдан ашык түрмөдө отурган аялдарга, 70 жаштан ашкан эркектерге, 10 миң сомониден (1000 доллар) көп эмес өлчөмдө пара берген же алган адамдарга жана чет өлкөлүк жарандарга ырайым берилет.

Тажикстанда өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 15 жолу мунапыс жарыяланган. Буга чейинки «Мунапыс тууралуу» мыйзам 2016-жылы августта кабыл алынып, 12 миңден ашык кишиге ырайым берилип, 3 миң адам эркиндикке чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM