Биз менен байланышыңыз

Эми айдоочулар салык төлөнгөндүгү боюнча кагазды чаптабай койсо болот

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 1728 | 0

Эми айдоочулар унаа салыгы төөлөнгөндүгү боюнча чаптамай кагаз (наклейка) албайт. Өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизилип, атайын чаптаманы алуу милдети жокко чыгарылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 7-октябрда «Жолдо жүрүү эрежелерин жөнгө салуу жана унаа каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө» токтомго кол койгон.

Мындан сырткары Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлеринин ыйгарым укутарынан айдоочулардан унаа салыгын төлөнгөнү боюнча квитанцияны талап кылуу укугу алынган.

Copyright © 2017 Maral FM