Биз менен байланышыңыз

Улутташтырылган пансионаттар ишенимдүү башкарууга берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2019 | 573 | 0

Улутташтырылган пансиотаттар ишенимдүү башкарууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пансионаттар башкарууга берилсе, Мамлекеттик мүлк фонду квартал сайын текшерип турат. Ижара маселеси боюнча учурда электрондук аукциондук борбор ачылууда.

«Бизде анализдер бар. 100 долларлык объекти 1,5 миң доллардан кетип жатат. Эс алуу жайлары башкарууга канча убакытка берилерин комиссия чечет. Анын курамында депутаттар, бизнес коомчулуктун, массалык мааылмат каражаттарынын өкүлдөрү да болот. Пансионаттарда акысыз эс алуулар боюнча маалыматтар менен таанышмын. Жетекчилерди алмаштырган менен натыйжа жок болууда. Маселе башкаруу принцибинде», — дейт Исакулов.

“Көчмөндөр оюндарында “Рохатка” 3 млн 854 миң сом түшпөй калган”

Copyright © 2017 Maral FM