Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик мүлктү башкарууну санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 528 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жылдызбек Исакулов ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүү менен электрондук реестр иштелип чыкканын маалымдады. Анын айтымында, 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалууда.

Эгерде 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жакын сумманы түзгөн болсо, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен.

2019-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн.

Президент алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык болушу зарылдыгын баса белгиледи.

Бул системаны өркүндөтүү үчүн улутташтыруу механизмдеринен тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү механизмдерин да киргизүү керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM