Биз менен байланышыңыз

«Көчмөндөр оюндарында «Рохатка» 3 млн 854 миң сом түшпөй калган»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2019 | 638 | 0

«Витязь» пансионаты Маданият маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп бирилип, бирок министрлик тарабынан бир да жардам болгон жок. «Витязда» маданият кызматкерлери жана башкалар акысыз эс алган жагдайлар ачыкка чыгып келе жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гаипкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында «Рохат» пансионатына 3 млн 854 миң сом каражат түшпөй калган.

«Себеби, артисттер, чыгармачыл адамдар «Рохатка» бекер жаткырылган. Башкача айтканда, пансионатка зыян келтирген», — дейт Гаипкулов.

Эл өкүлү белгилегендей, «Солнышко» пансионаты жыл ичинде 18 млн сом инвестиция алып келген. Аталган мекеме Улуттук олимпиада комитетине башкарууга берилип, спортчулар ден соолугун чыңдап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM