Биз менен байланышыңыз

«Мүлк» ишканасынын кызматкерлеринин саны кыскарат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2019 | 497 | 0

«Мүлк» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин 50 %ы кыскартылат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аз киши менен натыйжалуу башкарууга болот.

Мамлекеттик мүлк фондунда 52 акционердик коом жана 105 мамлекеттик ишкана бар.

«Анын ичинен 42 ишкана кирешелүү жана 26сы бюджеттик мекеме. Калган ишканалар чыгашалуу. Мүлктү кайра каттап (инвентаризация), ишенимдүү башкаруу аркылуу иштете ала тургандарыбызды иштетип кетишибиз керек. Калганын иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын ичине кошуу зарыл», — деди Исакулов.

Copyright © 2017 Maral FM