Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Жалал-Абад облусуна барат

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 868 | 0

17-18-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна барат. Ал Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарына болгон иш сапарынын алкагында экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышат.

Ошондой эле таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп,  Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушат. Мындан тышкары, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышын жеринен көрүп чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM