Биз менен байланышыңыз

Нур-Султанда «Борбордук Азия – Корея» кызматташуу форуму өттү

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 991 | 0

Бүгүн, 16-октябрда Нур-Султан шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жетектеген Кыргыз делегациясы «Борбордук Азия – Корея» Кызматташтыгы боюнча XII форумуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Ошондой эле иш-чарага Корея, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандын Тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын Казакстандагы элчиси келди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар техникалык стандартташтыруу, жашыл энергетика, ошондой эле IT-технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Форумга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө Чыңгыз Айдарбеков «Борбордук Азия – Корея» форумун Кыргызстан туруктуу өнүгүүнү жана аймактарды гүлдөп-өстүрүүнү камсыз кылуучу маанилүү платформа катары карай турганын баса белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыктары боюнча Форумдун XII жыйынынын катышуучуларынын биргелешкен билдирүүсү, ошондой эле форумдун катчылыгынын «Борбордук Азия – Корея» Кызматташтыгынын 2020-жылга жумушчу планы кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM