Биз менен байланышыңыз

Дүйнөнүн аялдарга болгон мамилеси — тизме. Кыргызстан эмне үчүн Түркмөнстан менен Казакстандан артта?

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 992 | 0

«National Geographic» сайты аялдар үчүн эң коопсуз жана ыңгайлуу өлкөлөрдүн рейтингин — Women, Peace and Security Index (WPS Index — Аялдар, Тынчтык жана Коопсуздук индекси) жарыялады.

Рейтингде үч негизги көрсөткүч эске алынган:

  • Аялдардын коомдук-саясий иштерге тартылуусу;
  • Алардын коопсуздугу;
  • Аялдарды басмырлоонун жоктугу;

Рейтингге 167 өлкө катышкан. Эң коопсуз жана аялдар үчүн ыңгайлуу өлкө катары башкы орунду Норвегия ээлеген. Кийинки орундарда Швейцария, Финляндия, Дания, Исландия өлкөлөрү турат. Ал эми тизменин эң төмөнкү сабында Пакистан, Сирия, Ооганстан жана Йемен бар.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 43-орунда, Түркмөнстан 60-катарда, Кыргызстан 80-катарда, Өзбекстан 89-катарда, Тажикстан болсо 96-катарда жайгашкан.

Казакстан: (деңгээли канча жогору болсо, ошончо жакшы)

Бийлик системасындагы орду: орто деңгээлде

Мобилдик телефонду колдонуу: жогорку деңгээлде

Ишке орношуу: орто

Финансылык абалы: орто

Билими: жогору

Үй-бүлө ичиндеги кордук: коопсуздугу жогорку даражада

Коомчулук арасындагы коопсуздук: төмөнкү даража

Аялдарга карата уюшкан топтун кордугу: коопсуздугу жогорку даражада

Бөлүп-жаруу: орто

Үй-бүлөдө кабыл алынышы: жогору (ата-эне үчун үй-бүлөдө ким төрөлгөнү маанилүү эмес: кыз же эркек айырма жок)

Укуктарынын сакталышы: орто

Түркмөнстан: (деңгээли канча жогору болсо, ошончо жакшы)

Бийлик системасындагы орду: орто деңгээлде

Мобилдик телефонду колдонуу: ортодон жогору

Ишке орношуу: орто

Финансылык абалы: төмөн (соңку жылдарда 1ден 36га чейин көтөрүлгөн)

Билими: ортодон жогору

Үй-бүлө ичиндеги кордук: коопсуздугу жогорку даражада

Коомчулук арасындагы коопсуздук: жогору

Аялдарга карата уюшкан топтун кордугу: коопсуздугу жогорку даражада

Бөлүп-жаруу: орто

Үй-бүлөдө кабыл алынышы: жогору

Укуктарынын сакталышы: орто

Кыргызстан: (деңгээли канча жогору болсо, ошончо жакшы)

Бийлик системасындагы орду: төмөн

Мобилдик телефонду колдонуу: жогору

Ишке орношуу: орто

Финансылык абалы: орто

Билими: ортодон жогору

Үй-бүлө ичиндеги кордук: коопсуздугу орто деңгээлде

Коомчулук арасындагы коопсуздук: ортодон төмөн

Аялдарга карата уюшкан топтун кордугу: жогору

Бөлүп-жаруу: орто

Үй-бүлөдө кабыл алынышы: жогору

Укуктарынын сакталышы: орто

Өзбекстан: (деңгээли канча жогору болсо, ошончо жакшы)

Бийлик системасындагы орду: төмөн

Мобилдик телефонду колдонуу: орто

Ишке орношуу: ортодон төмөн

Финансылык абалы: төмөн

Билими: ортодон жогору

Үй-бүлө ичиндеги кордук: коопсуздугу жогорку даражада

Коомчулук арасындагы коопсуздук: орто

Аялдарга карата уюшкан топтун кордугу: коопсуздугу жогорку даражада

Бөлүп-жаруу: ортодон төмөн

Үй-бүлөдө кабыл алынышы: орто

Укуктарынын сакталышы: ортодон төмөн

Тажикстан: (деңгээли канча жогору болсо, ошончо жакшы)

Бийлик системасындагы орду: төмөн

Мобилдик телефонду колдонуу: орто

Ишке орношуу: төмөн

Финансылык абалы: төмөн

Билими: ортодон жогору

Үй-бүлө ичиндеги кордук: коопсуздугу орто деңгээлде

Коомчулук арасындагы коопсуздук: орто

Аялдарга карата уюшкан топтун кордугу: коопсуздугу жогорку даражада

Бөлүп-жаруу: орто

Үй-бүлөдө кабыл алынышы: жогору

Укуктарынын сакталышы: орто

Copyright © 2017 Maral FM