Connect with us

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум уланат. Айыпталуучулардын сап башында — мурдагы президент

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 485 | 0

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук жыйын уланат.

Кечээ 15-октябрга белгиленген сот отурумунда бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштапкы соттук жыйынга катышуудан баш тарткандыктан, ал сотко алынып келинген жок. Соттук угуу бүгүн, 16-октябрда уланат.

Кечээки отурумда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн эмес. Бул боюнча жактоочулар келтирген өтүнүч канааттандыруусуз калган.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, сотто Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу өтүнүчү да канааттандыруусуз калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM