Биз менен байланышыңыз

Алмаз Тажыбай: ЕАЭБ Орусиянын кызыкчылыгын көздөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 425 | 0

ЕАЭБ Орусиянын кызыкчылыгын көздөйт. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Орусияны саясий жактан колдоп, Борбор Азиядагы үстөмдүктөн чыгуу үчүн ЕАЭБге кирген.

«Орусияга саясий жактан ЕАЭБ керек болгон, экономикалык маселелер экинчи орунда. Кыргызстан аталган биримдикке кирсе да чек ара маселеси мурдагы бойдон. Казакстандын чек арасынан өткөн товарларга пара төлөнүүдө. Бирок биримдиктин ичинде соода жүгүртүү эркин болушу керек. Биздин фермерлер жергиликтүү соода түйүндөрүн азык-түлүк менен камсыз кыла албайт», — дейт Алмаз Тажыбай.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM