Биз менен байланышыңыз

Президент Нурсултан Назарбаев менен Бакуда жолугушту

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 478 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин VII жыйынына катышуунун алкагында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда болуп, Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду.

Президент Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу эртең, 15-октябрда болот.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин белгилеп, ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM