Биз менен байланышыңыз

1 миллион 540 миң сомдук мыйзамсыз телефон кармалды

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 624 | 0

Ош бажы кызматкерлери 1 540 000 сомдук мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондорду кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Бажы кызматкерлери Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жараны А. уулу Ж. аттуу жарандын «HONDA STEPWGN» үлгүсүндөгү унаасын текшерген учурда, коңшу мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 540 000 сомдук төмөнкү чөнтөк телефондор табылган:

  1. Maxvi C20 – 1450 шт.
  2. Maxvi C3 — 120 шт.
  3. Inoi 108 R – 250 шт.
  4. Nobby 330T – 40 шт.
  5. Led Lighed Makeup Mirror – 30 шт.

Айдоочу товардын мыйзамдуу экенин тастыктаган документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM