Биз менен байланышыңыз

Министр Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешине катышат

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 497 | 0

Бүгүн 14-октябрда өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин (ТТМКК ТИМК) кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады. Иш-чара Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында өтөт.

Жыйынга ТТМККга мүчө-мамлекеттердин министрлеринен тышкары, Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто да катышат.

Тараптар эртең, 15-октябрда өтө турган Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын отурумуна даярдануу маселесин талкуулашат.

Өткөн жылы Кыргызстан Түрк кеңешине төрагалык кылуу жылында Уюмга Өзбекстандын толук укуктуу мүчө катары кошулуусу жана Уюмдун Европадагы бөлүмү катары болуучу Венгриянын борбору Будапешт шаарында Түрк кеңешинин Өкүлчүлүгүнүн ачылышы маанилүү окуя катары саналууда.

Copyright © 2017 Maral FM