Биз менен байланышыңыз

Президент Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин кезексиз жыйынына катышат

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 551 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Азербайжандын төрагалыгы астында өтө турган кезексиз жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү маселеси талкууланат.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышат.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM