Биз менен байланышыңыз

Токаев КМШ өлкөлөрүнө «шенген» визасын киргизүүнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 641 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев КМШ өлкөрүнө бирдиктүү виза киргизүүнү сунуштады. Бул шенген визасындай «кызматташтык виза» болуп каларын кошумчалады.

Ашхабадда өткөн КМШ өлкө башчыларынын жолугуусунда Казакстан президенти бирдиктүү туризмге көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында «кызматташтык визасын» киргизүү бир учурда бир топ өлкөнү кыдыргысы келген туристтерге ыңгайлуу шарт түзөт.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн мамлекет башчылары 11-октябрда Ашхабадга чогулушту. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоорлору талкууланды. Ошондой эле КМШ МБК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар орун алды.

Copyright © 2017 Maral FM