Connect with us

Казакстан: Костанай облусунун Маданият үйү өрттөндү [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 1179 | 0

Кечээ, 12-октябрда Казакстандагы Костанай облусунунун борбору Кара-Балык шаарчасынын Маданият үйү өрттөнүп кеткен. Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар бүгүн таратты.

Маалым болгондой, кечээ жергиликтүү тургундар Кара-Балык шаарчасынын түзүлгөн күнүн майрамдашкан. Майрамдын соңу салют атуу менен жыйынтыкталмак. Кечки саат 22:00дө башталган көп сандаган фейерверктен чыккан от Маданият үйүнүн чатырына түшүп, аталган имараттын 700 чарчы метр аянты өрттөнүп кеткен.

Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар катталган эмес. Учурда имарат толук курчоого алынып, тиешелүү тараптар ичин тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми жергиликтүү тургундар аталган имаратттын жакында эле оңдоп-түзөөдөн өткөнүн соцалдык тармактарга жазышууда.

Copyright © 2017 Maral FM