Connect with us

«Элим, барсыңбы» фонду «БТА Банк» менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 1428 | 0

Бүгүн, 11-октябрда «Элим, барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Айдар Кубанычбеков «БТА Банк» жабык акционердик коомунун «Ислам Финансылык Борбору» департаментинин жетекчиси Талант Керимбаев менен кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Келишимдин негизги максаты ислам принциптеринин негизинде каржылоо болуп саналат. Эки тараптын жетекчилери кеңири баарлашып, жыйынтыгында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM