Биз менен байланышыңыз

Болот Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 523 | 0

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Болот Отунбаев ушул жылдын 15-январында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Бир эле учурда ал Кыргызстандын Бразилиядагы, Канададагы жана Мексикадагы элчиси кызматын аркалайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM