Улуттук курама команда 2022-Дүйнө жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма курамасы менен беттешип, оюндун биринчи бөлүгүндө 5 гол киргизди.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүүдө.
Александр Крестинин жетектеген Кыргызстан курама командасында 23 оюнчу чакыртылган болчу.
Буга чейин, Тажикстан менен болгон беттеште Кыргызстандын курама командасы 1:0 эсебинде утулуп калган.