Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бала бакчадан өрт чыкты

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 587 | 0

Улан-2 кичи районундагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу жер тамдан өрт чыкты. Күбөлөрдүн түз алып берген видеомаалыматына караганда, өрт үйдүн чатырынан башталган. Андан чатыры толук күйүп бүтүп, өрттүн ичине өткөнүн көрүүгө болот.

Жергиликтүү тургундар аталган үй бала бакча экенин айтышууда.

Учурда Өрт өчүрүү кызматы өртүү өчүрүү аракетин көрүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM