Биз менен байланышыңыз

КТРКнын башкы директорун кызматтан кетирүү талабы коюлду

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 2938 | 0

«Манаска» жасаган мамилеси үчүн КТРК башкы директорунун кызматта отурууга моралдык укугу жок. Андыктан, ал ээлеген ордун бошотуп бериши керек. Мындай талапты КТРКнын кызматкерлери Ырыс Окенова менен Дөөлөт Сыдыков бүгүн маалымат жыйында коюшту.

Дөөлөт Сыдыковдун берген маалыматына таянсак, алар КТРКнын эфиринен чыгып келген «Ким макул?» программасынын алкагында «Манаска жасалган мамиле» атуу телеберүү даярдашкан. Анда Манастын аты ар кай жерде ыгы жок колдонулуп жатканы, ал тургай, ичимдиктерге да берилип кеткени боюнча маселе көтөрүлгөн.

«Мына ошондон баштап, «Манасты ким тааныйт экен? Анын атынын аракка коюлганын эмне себептен айтасыңар?» — деген сыяктуу суроолор менен алып баруучуларга, режиссерго кысым көрсөтүү башталды. Берүүнү жаптыруу талабын койду», — дейт Дөөлөт Сыдыков.

Белгилей кетсек, Ырыс Окенова Коомдук биринчи каналдан өз каалоосу менен кеткенин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген. Мындай кадамга баруусуна КТРКнын учурда жүргүзүп жаткан саясатына макул болбогонун жүйө келтирген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM