Биз менен байланышыңыз

КТРКнын жаңы жетекчиси кызматына киришти

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 857 | 0

Бүгүн 19-мартта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) жаңы шайланган директору кызматына киришти. КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев жаңы башкы директор Жайнак Үсөн уулуну жамаатка тааныштырды. Анын ишине ийгиликтерди каалады.

Жыпар Жекшеев мурдагы директор Илим Карыпбековду узатып жатып, чыгармачыл жамаат менен иштөө оңой эмес экенин, мыкты менеджер кетип жатканын, эми ал баштаган иштер жаңы жетекчи тарабынан улантылаарына үмүт артаарын билдирди.

Өз кезегинде Карыпбеков жамаат менен иштешкенине ыраазычылыгын айтып, КТРКда иштеп турганда оор күндөр башка түшкөндө коллектив аны колдогонун эстетти.

Copyright © 2017 Maral FM