Биз менен байланышыңыз

НТСтин директору КТРКга жетекчи болду

Коом , Саясат | 6 Мар 2019 | 827 | 0

КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу  Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алып тандалды. КТРКнын директорун шайлоодо бийлик тараптан эч кандай кысым же көрсөтмө болгон жок. Мындай маалыматты каналдын Байкоочу Кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев журналисттерге айтты. Буга оппозициялык каналдын башчысын КТРКга келиши өзү далил болуп бере алат деп эсептейт.

-Ушул күнгө чейин мага эч кандай көрсөтмө болгон жок. Башкаларга да андай көрсөтмө болгонун уккан жокмун. Акыркы күнгө чейин ким кимге добуш берерин эч ким билген жок. Таза шайлоо болду деп ачык айта алам. Оппозициялык партиянын лидеринин телеканалынын директорун, улуттук чоң корпорацияга жетекчи кылып шайладык. Үсөн уулу  Бабановдун жеке менчик каналында иштеп келген. Эгерде бийлик аралашса “ал Бабановдун кадры, аны өткөрбөгүлө”,-деген аракет болот эле. Андай аракет болгон жок, биз өзүбүз тандадык.

Байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү Кубат Болотканов жаңы дайындалган жетекчинин программасы башка талапкерлердикинен өзгөчөлөнгөнү үчүн өз добушун берген. Башка кесиптештери дагы Үсөн уулунун программасына добуш бергенин айтууда.

Биринчиден шайлоо ачык-айкын өттү. Онлайн режимде түз эфирлер жүрүп жатты. Жайнак Үсөн уулунун программасы оптималдуу болду. Биз анын мыкты программасына добушубузду бердик. Ошондой эле анын тажырыйбасы чоң, акыркы 4 жыл өлкөбүздүн алдыңкы телеканалдарынын бирин жетектеп келген.

Ал эми Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Байкоочу кеңештин мүчөсү  Анаш Кадырова добуш берүүдө позициялар сакталбаганына көңүлү толгон жок. Биздин сурообузга жооп берип жатып, жогору жактан басымды түздөн-түз байкабаса да кеңештин мүчөлөрү тараптан калыс добуш берилген жок.

-Ар кимдин позициясы ар-башка болчу. Акыркы мезгилде позициялар өзгөрүп кетти. Адам баласы өз позициясында туруусу өтө кыйын маселе. Өзүнүн көз карашы менен иш алып барган адам чанда кездешет. Адамдын ыйманынан, уятынан, эркектик касиетинен көп нерсе көз каранды. Эми кандай болсо да добуш берүү өттү. Алдыда көрөбүз КТРК кантип оңолот, кантип эл сүйгөн каналга айланат.

Медиаэксперт Марат Токоевдин баамында бийлик басым жасайт деген талапкерлердин арасында Үсөн уулу жок болчу.

— Байкышмча, бийлик тараптан колдоо болот деп башка талапкерлердин аты айтылган. Алардын арасында Үсөн уулу жок болчу. Көшөгөнүн артында оюндар сөссүз болот. Анын таасири канчалык деңгээлде болгонун айта албайм. Эл бийликтин талапкери катары Ибраим Нуракун уулуну айтып келген. Бирок белгилүү болгондой ал өтпөй калды.

Кошумчалай кетсек,  КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта аяктайт. Ага чейин Карыпбеков жаңы шайланган жетекчиге документтерди өткөрүп берет.

Copyright © 2017 Maral FM