Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Ай-жыл календарынын чыныгы ээси — кыргыз эли

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 834 | 0

Азыркы он эки айлык жана он эки жылдык ай-жыл календарынын чыныгы ээси – кыргыз эли. Ошондуктан, аны ЮНЕСКОдо кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулугу катары каттоодон өткөрүү керек. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеште өткөн «Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү» темасындагы илимий-практикалык конференцияда айтты.

Эл өкүлү чакан кыргыз элинин жалпы адамзаттын дүйнө таанымына кошкон салымы зор экенин билдирди.

«Мисалы, азыр дүйнөдө негизинен эки календарь – григориан жана ай-жыл санагы колдонулат. Азыр биз анчалык маани бербеген дал ошол он эки айлык жана он эки жылдык ай-жыл календарынын чыныгы ээси кыргыз эли болуп саналат. Муну тастыктай турган тарыхый далилдер арбын. Ошондуктан, аны ЮНЕСКОдо кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулугу катары каттоодон өткөрүү зарыл», — деди Каныбек Иманалиев.

Ошондой эле, Каныбек Иманалиев Саймалуу-Таш сындуу эстеликтерде ай-жыл календары түшүрүлгөнүн, кытай жазуу булактарында кыргыздар гана ай аталыштарына кийиктердин атын бере турганы жазылып калганын кошумчалады.

Андан тышкары, «Манас» эпосунда да, Орхон-Энесай жазууларында да кыргыздардын ай-жыл календары камтылгандыгын айтып, Радлов, Томпсон, Малов сыяктуу бир катар чет өлкөлүк чоң окумуштуулар мындан 200 жыл мурда эле ай санак, жыл санак календары кыргыз элине таандык экенин айтып, жазып кетишкендигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM