Биз менен байланышыңыз

Унаалардын бажы төлөмү эмне себептен кымбаттайт? Түшүндүрмөсү

Күн чекит | 9 Окт 2019 | 4020 | 1

2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардан алынчу бажы алымдарынын жеңилдиги аяктайт.

Алсак, 2009-жылы чыккан «Toyota Camry» автоунаасынын (кыймылдаткычынын көлөмү — 2,5 миң куб) бажыдан өткөргөн баасы 1 миң 250 доллар (31-декабрь) болсо, 2020-жылдын 1-январынан тарта 13 миң 600 доллар болот.

Биз бул теманын тегерегинде Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов менен түз эфирден маек курганбыз.

— «Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйөт» деген маалымат тараттыныздар. Бажы төлөм эмненин негизинде көтөрүлүп жатат?

— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жеке жактар жеке пайдалануу үчүн автоунааларды үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келүүгө Өкмөттүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтому менен жеңилдиктер берилген. Эми анын мөөнөтү бүтүп жатат. 2020-жылдын 1-январынан тарта үчүнчү жактан алынып келинген унаалар үчүн баа 11 эсеге кымбаттайт. Себеби, ЕАЭБдин 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен бирдиктүү тариф киргизилген.

— Орточо эсеп менен азыр кыймылдаткычынын көлөмүнүн бажы салыгы канча?

— Өкмөттүн жеңилдик берилген токтомунда электромобилдерге нөл ченем  коюлган. Булар эч кандай бажы төлөм төлөбөстөн кирет. Ал эми гибриддик, жөнөкөй тил менен айтканда, жарымы бензин, жарымы электр энергиясы менен жүргөн автоунааларга да өзүнчө жеңилдиктер бар. Маселен, 2019-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин үчүнчү өлкөлөрдөн 17304 унаа кирген. Булардан мамлекетке түшкөн каражаттын суммасы 1 млрд 659 млн 439 миң сомду түзгөн.

— Үчүнчү өлкөдөн кирген унаалар көппү же ЕАЭБден кирген унаалар көппү? 2018-2019-жылдары ЕАЭБ аркылуу канча унаа кирген?

— Биз 2015-жылы Бажы союзуна киргенден кийин Биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда бажы көзөмөл алынып салынган. Маселен, азыр кыргыз-казак бажы кызматы иш алып барбайт. Товарлар биримдикте эркин кирип чыккан үчүн ЕАЭБден кирген машиналарды көзөмөлдөй албайбыз. Ошондуктан так маалыматты билбейбиз. Биз үчүнчү өлкөлөрдөн кирген унааларды гана бажылык текшерүүдөн өткөрөбүз.

— Автоунаалардын бажы төлөмүн көтөрүү 2020-жылдын 1-январынан башталат экен. Мөөнөт ары жылышы мүмкүнбү?

— Менин оюмча, мөөнөтү жылдырылбайт. Анткени, ЕАЭБге кирип жатканда 2020-жылга чейин бир топ позициялар менен жеңилдик алганбыз да. Ошон үчүн элге кайрылып кетет элем, үчүнчү жактан келе турчу унааларды колдон келсе 1-январга чейин алдырып, бажылык төлөмдөн өткөрүп, каттатып алышса. Анткени, баа 11 эсеге көбөйөт. Элге кыйын болуп калат.

1 пикир

1 пикир

  1. АСАН

    11.10.2019 15:27

    Элдин ахвалын женилдетпей,оорлоткон биримдикке эмнеге кирдик эле? Россиянын автопромун онуктуруп сактоо учун кирдик беле? Андай биримдиктин бизге зарылчылыгы кандай?!!!Автобажыдан башка жагынан деле жыргатып ийген жокко бул биримдик!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM