Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жылуулукту үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн конкреттүү тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 384 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 9-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан «ЖЭБ-2» тутумунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Курулуш иштери 1986-жылы башталган борборлоштурулган жогорку от казан — Бишкек шаарынын «ЖЭБ-2» тутуму учурда аяктоо алдында турат. 

«Учурда Бишкек шаарынын «ЖЭБ-2» тутуму кандай болот деген маселе турат. Бул объект өз учурунда калкты кошумча жылуулук менен камсыз кылуу үчүн курулган. Ал көмүр колдонуу эмес, газ жана мазут менен иштөөгө ылайыкташкан. Азыркы тапта «Бул объектини кантип калыбына келтирүү керек?» — деген маселе турат. Мен бир нече варианттарды даярдоо тапшырмасын бердим. Объектини ишке берүүдөгү негизги принцип – бардыгы экологиялык жактан коопсуз болушу шарт. Учурда Европа көмүрдөн баш тартып, газга өтүүдө», — деди премьер-министр.

Советтик мезгилде бөлүнгөн 136 гектар жалпы аянттын ичинен учурда Сокулук районунун балансында болгону 62,2 гектары калган. 2005-жылы Жылуулук электр борборун курууга арналган жер өзүм билемдик менен басып алынып, калктуу конушка айландырылган.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, энергетиктер бардык эсептөөлөрдү жүргүзүп, борбор калаадагы «ЖЭБ-2» тутумунун ишин жандандыруунун бир кыйла ыңгайлуу жолун табышы керек.

Андан соң Абылгазиев Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун кышка даярдыгы менен таанышты.

Энергетиктердин айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБи кышка даяр, объектке ичтен жана тыштан көмүр ташуу иштери уланууда. Кампада 150 миң тонна көмүр бар.

Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна сапаттуу даярдык көрүү жана өндүрүштүк объектилерди энергетика жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого тийиштүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM