Биз менен байланышыңыз

Орусияда мушташты уюштурган кылмыштуу топту кыргыз-өзбек жарандары түзүшкөн (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 4903 | 0

Орусиянын Новосибирск шаарындагы жапырт мушташты уюштурган кылмыштуу топту кууп чыгышты. Бул тууралуу Борбордук Азия Жаңылыктар кызматы жазды.

Новосибирск шаарынын Хилокский районундагы базарда 7-октябрда жапырт мушташ болуп, ок атылган. Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына караганда окуяга тиешеси бар делип 50 адам кармалган, мушташка кеминде 200дөй адам катышкан. Кармалгандардын арасында 20дай кыргыз жараны бар экендиги айтылууда.

Маалыматка ылайык, базарда жашылча-жемиш саткан борбор азиялыктар опузалап акча талап кылып жүргөн Тамерлан деген адамдын уюшкан тобуна каршы чыгышкан. Тамерлан өзбекстандык экени айтылууда. Тоноочулардын арасында кыргызстандык Рашид аттуу жергиликтүү тургун да болгон.


Орусияда кыргыздар катышкан мушташ болду


Жергиликтүү басылмалар уюшкан топ эки жылдан ашуун базарда соода кылгандарды коркутуп акча өндүрүп, адамдарды талап-тоноп келгенин жазышууда. Жабыр тарткандар бир нече ирет полицияга арыз менен кайрылган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Бул ирет 4-октябрда башталган чыр үч күндөн кийин жапырт мушташка айланган. Көнүмүш адатын кылып, дагы тонойбуз деген максатта уюшкан топ курал-жарак көтөрүшүп, 3 унаа менен, 12 адам болуп келишкен. Базарда отургандар каршылык көрсөтүшүп, көпчүлүк болгондуктан кылмыштуу топту кууп чыгышкан. Окуя учурунда 5 адамга желим ок тийип, ооруканага кайрылышкан.

Ошондой эле, соодагерлер кылмыштуу топ айдап келген унааларды талкалап, өрттөп салышкан.

Уюшкан топтун кээ бир мүчөлөрү кармалганы менен, башында тургандар кармалган эмес.

Учурда мушташка катышкан деп камакка алынган 25 адам сурактан кийин коё берилген, укук коргоо органдары бул кылмыш ишине тиешеси барларды издөөдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министри окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн тиешелүү адамдарын жибергенин билдирген.

Новосибирск шаарындагы Хилокский базарында 200дөй кыргызстандык соода кылат. Ал эми бул жерде жашап иштеген кыргызстандыктардын саны 60 миңге жакын.

Copyright © 2017 Maral FM