Биз менен байланышыңыз

Орусияда кыргыздар катышкан мушташ болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 1138 | 0

Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилокский районундагы базарда 7-октябрда жапырт мушташ болуп, ок атылды. Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына караганда окуяга тиешеси бар делип 50 адам кармалган, мушташка кеминде 200дөй адам катышкан.

Айрым маалыматтарга караганда, массалык мушташка 50дөн 100гө чейин адам катышкан. Чыр базардын ижара акысынан улам чыккан.

Ортодогу талаш мушташка айланган. Милиция кызматкерлери рушту токтотуу үчүн абага ок атып, кошумча күчтөрдү чакырууга туура келген. Анын кесепетинен резина октон адамдар жабыркап, 5 киши ооруканага кайрылган.

Маалыматка ылайык, мушташкандар — базарда иштеген борбор азиялыктар. Бул окуяны Кыргыз диаспорасынын башчысы Жаркынбай Тойтуков тастыктаган.

Copyright © 2017 Maral FM