Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Бишкек Жылуулук борборунун абалын текшерип жүрөт

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 627 | 0

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кышка карата даярдыгы менен таанышып жатат. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Учурда мекемеге тиешелүү органдардын жетекчилери менен чогуу жыйын куруп жатат. Жыйынга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн катыштырышкан жок. Бир гана Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлдөрү киргизилди. Жыйын жабык өтүп жатат.

Деген менен анда ЖЭБ-2, анын айланасындагы курулуштар, алардын тагдыры тууралуу маселе каралары айтылуууда.

Copyright © 2017 Maral FM