Жыл сайын кыш келери менен Бишкекте абанын булгануусу, кара түтүндүн каптоосу негизги көйгөйгө айланат. Буга эски унаалардын көптүгү, үйлөрдүн көмүр менен жылытылышы, акыркы жылдарда шаар ичинде көбөйө баштаган кабат үйлөрдүн туура эмес курулганынан шамалдын тосулуп калуусу сыяктуу бир канча себептер айтылууда. Эксперттер абанын булганышынын негизги себептеринин бири катары автомашиналар колдонгон сапатсыз бензиндер деген тыянак чыгарышкан.
«Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева Бишкек абасы «өтө булганыч» деген шаарлардын тизмесинде эки жылдан бери биринчи орунду алып жатканын айтып, анын негизги себебин Кыргызстанда колдонулуп жаткан сапатсыз күйүүчү майлардан көрөт.
«Кара түтүндүн пайда болуусуна 80% себепкер — сапаты төмөн бензин менен дизель отуну. Бизде жарым миллиондой автоунаа бар, алардын 90 %ы аткезчилик жол менен келген сапаты төмөн, бензин деп атоого кыйын болгон «шлак» иштетет. Ар кандай жолдор менен сапатсыз майдын октан санын өзгөртүп, АИ-92, АИ-95 деп сата беришет. Мындан сырткары шаар ичинде дизель менен жүрүүчү кичи автобустар көп. Андан чыккан түтүн абдан зыяндуу. «Смог» деген жайында деле бар. Ал учурда саргыч-кызгылт тартып, көзгө көп байкала бербейт. Кышында ЖЭБге, жер үйлөргө жагылган көмүрдөн чыккан түтүн коюу кара түскө айлантып, ачык-даана көрүнүп калат».
Ошондой эле ал Бишкек шаардык мэриясы, Өкмөт жана тийиштүү органдар биргелешип пландуу иштеп, башкысы, аткезчилик жол менен келген бензинди катуу көзөмөлдөп, токтотуу керектигин баса белгиледи.
Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө мамлекет катары К-4, К-5тен төмөн класстагы күйүүчү майды киргизбеши керек. Бул регламент биримдикке мүчө өлкөлөрдүн баарында колдонулуп, бир гана Кыргызстан калган. Биздин өлкө ЕАЭБдин техникалык регламенттерин 2021-жылга чейин аткарып бүтүү боюнча убада берген. Тилекке каршы, Экономика министрлиги аталган регламентти аткаруу мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартууну демилгелеп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди.
«Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө К-2, К-3 бензинин колдонууга тыюу салынган. Башка мүчө мамлекеттер колдонбойт. Биздин Экономика министрлигибиз 2021-жылга чейин колдонуп туралы деп кат жазып, уруксат алып алышкан. Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттары К-2, К-3 бензинине тыюу салуу боюнча долбоор жазганбыз. Эксперттердин айтуусу боюнча, абанын кирдешине 60-70% себеп бензиндин сапаты болуп жатат. Өкмөт корутундусун бербей, бир топко созушту. Соңунда «2021-жылдын январынан баштап колдонбойбуз» дешти. Бирок азыр Экономика министри кат жазып, мөөнөттү дагы узартабыз деп жатыптыр. Бул жерде роль ойноп жаткан көмүскөдөгү чоң акча бар. Тагыраагы, аткез жол менен май ташыган адамдар чоң суммада акча берип, ушундай болуп жатат деген тыянакка келип жатабыз».
Ал эми Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология департаментинин бөлүм башчысы Бакытбек Шабданов күйүүчү май чыгаруучу заводдорду заманбап шартта жаңылоого жетишпей жаткандыктан, колдонуу мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартуу боюнча Евразия Экономикалык Комиссиясына кат жиберилгенин маалымдады.
«Бажы биримдигинин күйүүчү майлар боюнча техникалык регламенти 2019-жылдын 12-августунда күчүнө кирген. Ал регламент бүгүнкү күндө иштеп жатат. Ошондуктан Орусия жана Казакстандан К-4, К-5 классындагы бензиндерди гана алып келүү керек. Биз эмнени суранып жатабыз, күйүүчү май чыгаруучу 7 завод бар. Анын ичинде үч чоң завод бар. Алардын К-4, К-5 класстагы бензин чыгаруусу үчүн жаңылоо (модернизация) зарыл. Ага убакыт жана акча керек. Биз ошол үчүн сурап жатканбыз. Зоводдор жаңыланууга жетишпей жатат, мындан улам дагы 2 жылга узартып берүүсүн өтүнүп, Евразия Экономикалык Комиссиясына кат жибергенбиз. Биз заводдор үчүн гана суранганбыз, ал эми тыштан жалаң К-4-К-5 бензини кириши керек».
Кыргызстанга кирген майдын сапатын учурда эч ким текшербейт. Себеби бажыдан кирип жаткан майды текшерип өткөрүү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын милдетине кирбейт. Ошол эле учурда 2018-жылдын 17-декабрында чыккан Өкмөттүн № 586 токтомуна ылайык, ишкердик субъекттерин көзөмөлдөөгө убактылуу тыюу салынган. Бул милдетти алар жарандардан арыз түшкөн учурда гана аткара алышат. Айрым учурларда мындай негиз менен текшерүүлөр болгон. Жыйынтыгында сапаты төмөн күйүүчү майлар табылып, аларга айып пул салынган. Бул тууралуу аталган мекеменин метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Айнура Ахмеджанова билдирди.
«Түшкөн арыздардын негизинде барып текшерип, сапатын аныктагандан кийин айып пул салганбыз. 2019-жылдан бери мораторий жүрүп жатат. Биз эч кандай текшерүүгө чыга элекпиз. Болгону жарандардан түшкөн арыздардын негизинде гана чыгып, сапатын лабораториядан текшерип, туура эмес чыкса, протокол түзүп, айып пул салып иштеп жатабыз. 2021-жылдан баштап, толук кандуу текшерүүлөрдү өткөрөбүз. Ошондо май куюучу жайларга чыгып, сапатын текшерип, иш алып барабыз. 2018-жылы мораторийди 2019-жылдын аягына чейин деп чыгарышкан, азыр дагы бир жылга жылдырып, ошондо 2021-жылы да мораторий болот. Бирок 2021-жылдан тарта күйүүчү майдын сапатын текшерүүгө уруксат беришти«.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизель отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300-400 миң тоннаны түзөт жана күйүүчү жана майлоочу майдын 80%ы Орусиядан келет. Улутттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын январь айынан июнь айына чейинки аралыкта тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзат өлкөгө ташылып келинген. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму абанын булгануусунан жыл сайын Жер шарында 7 миллионго жакын адам көз жумарын айтышат.