Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мамлекеттик кызматкерлер айлык албаса да жашай берет

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 1264 | 0

Кыргызстан бюджеттин эсебинен жашаган чиновниктердин баарына ыңгайлуу шарт (комфорттук зона) түзүп берип койгон. Алар айлык албаса да салыктарды казынага жеткирбей, чөнтөгүнө буруп коюп жашай берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын 350 миңден ашуун адам бюджеттин эсебинен каржыланат. Алардын маянасына эле 40 млрд сомдой акча кетет.

«Алардын (сугатчыдан тарта, президентке чейин) жашоо-турмушу ордунда болушу үчүн 72 млрд сомдой каражат кетет. Бюджет тарабынан каржылангандар жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзгөндүн ордуна кайра элден акча талап кылат. 350 миң кызматкерди 2 эсе кыскартсак болот», — дейт Жапаров.

 

Copyright © 2017 Maral FM