Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары менен жолугушту

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 428 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда өлкөгө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен жыйынга катышуу үчүн келген Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен мындан ары да өз ара ишенимге жана сыйга негизделген достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере турганын белгилеп, энергетика, транспорт, тоо-кен өнөр жайы, билим берүү, медицина тармактарында жана туристтик мүмкүнчүлүктү пайдалануу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ягуб Эюбов президент Илхом Алиев президент Сооронбай Жээнбековду Бакуда Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтыгы Кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуусун күтүп жаткандыгын айтып, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү өлкөлөр ортосундагы өз ара боордош мамилелерге негиз болорун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM