Биз менен байланышыңыз

«9 пайыздык босого чекти өзгөртүүгө болот, бирок…»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 935 | 0

Алдыдагы парламенттик шайлоо 2015-жылдагыдан көп өзгөчөлөнбөйт. Анткени, эски система сакталып калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чек көптүк кылат. Ал олигарх партиялар парламентке келет деген түшүнүк жаратат. Босого упайды кайра өзгөртүүгө болот, бирок ал демилге колдоо таппайт.

«9 пайыздык босого чек менен парламентке 3-4 партия келет. Парламентке олигархтар келбеши үчүн эл партияга, анын ичинде ар бир талапкерге добуш бериши керек. Ошондо гана эл өзүнө жаккан талапкерди, сабаттууларды тандап алмак. Бирок ал мыйзам долбоору өтпөй калды. Анткени, азыркы система көпчүлүккө жагат. Бирок келечекте ал мыйзам долбоорун кайра көтөрүү зарыл», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мындан сырткары, «Бир бол» партиясы 2020-жылы парламенттик шайлоого катышарын, жаштарга көбүрөөк көңүл бурарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM