Биз менен байланышыңыз

Батукаев боюнча козголгон иш аягына чыгабы?

Саясат | 7 Окт 2019 | 808 | 0

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берилди. Алардын ишти кароого качан киришери азырынча белгисиз. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Батукаевдин ишине байланыштуу «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында. 

Бир топ саясатчыны, мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан алып, а түгүл камакка чейин жетелеген мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин ушул күнгө чейин созулган иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди.

— Башкы прокуратура мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти Биринчи май райондук сотуна жиберди. Эскерте кетсек, иликтөөдө Ички иштер министрлиги кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы бар деген күмөн маалымат тараткан. 2019-жылдын 2-октябрындагы териштирүүлөрдүн негизинде Жолдубаева, Качкыналиевге айыптоо акттары бекитилген. Бүгүнкү күндө иш сотко жиберилди.

Батукаев маселеси кофе ичкенче эле чечип койчу иш болчу 

Ал эми Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов Батукаев маселеси кофе ичип отуруп эле чечип коё турган иш экенин айтат. Соттор тургай, жалпы коомчулук да бул иште кимдер күнөөлүү экенин, кайсы адамдар катышканын айдан ачык билип калганын айтып, буларга токтолду:

— Азиз Батукаевдин иши бийлик алмашары менен көтөрүлдү. Демек, азыркы бийлик буга чекит коюшу керек. Иш сотко өттү. «Адилеттүү иликтенип, жыйынтык берет», — деп баарыбыз күтүп жатабыз. Анткени, Батукаевди мыйзамсыз бошотуу Кыргызстанга эле эмес, башка мамлекетке да тараган. Эгерде сот адилеттүү чечим чыгарбаса, анда бул иштин аягы жаман бүтөт. Кийинки бийлик эртеби-кечпи кетет. Алмашат. Жаңы бийлик келгенде коомчулук Батукаевдин иши боюнча бет тырмаарлык кылат. Ошон үчүн иш тезирээк жыйынтыкталышы керек. Кимдер күнөөлүү, ким качырган баары эле иликтенип, каралып бүтпөдүбү. Эми юридикалык баа берүү гана калды. Негизи бул иш мынча убакытты албайт эле, чай-кофе ичип отуруп эле чечип сала турчу иш болчу. Саясат аралашкан үчүн ушундай кырдаалга кептелип отурабыз.

_____________________________________________________________________________________________________________________

Батукаевдин иши боюнча 28 адам камалышы керек

______________________________________________________________________________________________________________________

Иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошон үчүн иш сотко өттү да…

«Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши өз нугунда эле иликтенип жатат деген пикирде. Болгону, соттун жыйынтыгын күтүү керек. Ошондо гана бир бүтүмгө келип, иш алып барууга болот.

— Иште жыйынтык болуп, иликттенип сотко берилип жатат. Бул жерден бизге күтүү гана керек. Соттун чечимин адилеттүү эле болот деп турам. Эгерде биз жана эл күткөндөй болбой калса, бийлик деле четте карап турбайт да. Анткени, бул — чуу жараткан иш. 

Бул иште мыйзам эмес, акча бийик турган…

Саясат талдоочу Табылды Акеров Батукаевдин ишине төбөсү көрүнгөн саясатчылар, бир катар мамлекеттик кызматкерлер малынганынан күмөнү жок. Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарууда акча баарынан бийик коюлган. «Иштин бүгүнкү күнгө чейин созуп жатканынын түпкү себеби — ушунда», — дейт Акеров.

— Адамдарды мыкаачылык менен өлтүргөн мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши боюнча сот адилеттүү чечим чыгаруусу зарыл. Бул иште ким күнөөлүү болсо, жадагалса, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди да жоопко тартып, жазасын бериши керек. Кыргызстандан Батукаевди мыйзамсыз алып чыгууда көп каражат тартылган. Ал маалымат булактарында деле айтылып жатат. Аны алган чиновник, кызматкерлер кантип үн катат? Азыр иш аяктаарына аз калды. Болгону ушул амбициядан тайбай, алдыга кадам ташташ керек. Иш соңуна чыгып, эл күткөн жооптуу берүү зарыл жана кажет.

Белгилей кетсек, мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага жана ошол кездеги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир дарыгерлерге да айып тагылган болчу. Ошондой эле Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынган. Кийин өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен ал кызматынан убактылуу четтетилген.

Батукаевдин ишине дарыгерлерди күнөөлөгөн туура эмес

Copyright © 2017 Maral FM