Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Батукаевдин иши боюнча 28 адам камалышы керек

Күн чабыт | 16 мая 2019 | 14688 | 0

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева менен Жазаларды аткаруу кызматынын башчысынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынды. Кармалгандар коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан деп шектелүүдө. Буга чейин да 4 дарыгер кармалып, алардын экөөсү үй камагына чыгарылган болчу. Батукаевге козголгон иштин айланасындагы жагдай боюнча биз Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов менен маек курдук.

— Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө бир катар ведомстволордун тиешеси болгону айтылганына карабастан, көбүнчө дарыгерлерге басым жасалып жаткандай. Сагынбаеванын камалышынан кийин сиздин оюңуз кандай?

— Учурунда бул маселе көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде 7-8 пункттан турган токтом кабыл алынган. Ал документке ылайык, 28 кызматтык адамга юридикалык баа берилиши керек болчу. Бирок андагы пункттун бири да аткарылбай, азыр анын кайда экендигине жана ишке ашпай жатышынын себебине бир да адам кызыккан жок. Мунун эң негизги себеби, бул иштин үстүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бар экендиги айтылып келген. Ошондон улам да, бул иштин дайыны айтылган эмес. Ал мамлекет башчылыктан кетип, бардык иштер ачыкка чыгып отурат. Эгерде ошол кездеги комиссиянын чечимине таяна турган болсок, бир эле дарыгерлер эмес, 28 адам камалышы керек. Бирок жоопко тартууну дарыгерлерден баштаганынын себеби Батукаевдин чыгып кетишине анын ооругандыгы тууралуу жасалма документтердин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилгени негиз болууда. Анын жасалма экенин, Батукаевге таандык эместигин, ошондо эле билгенбиз. Акаевдин, Бакиевдин учурунда ишке ашпаган операция Атамбаевдин учурунда болуп, мыйзамдагы ууру өлкөдөн чыгып кетти.

— Мында кайсы органдын күнөөсү бар?

— Бул иште Башкы прокуратуранын, соттун, Президенттик Аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын күнөөсү бар. Бул органдар баары биригип, уюшуп алып жасашкан. Башкача айтканда, алардын кылганы уюшкан кылмыштуу топ деген беренеге да туура келет.

— Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен ишке ашкан болсо, бул иш аркылуу аны камап коюшу да мүмкүнбү?

— Буга чейин камакка алынган онкологдор Батукаевди оорулуу деп бүтүм чыгаруу үчүн буйрукту Динара Сагынбаевадан алганын айткан болушу мүмкүн. Эгерде ушинтип бир-бирден камап отурса, эң чоң буйрук каяктан келгенине жакында жетебиз. Ошондо баары ачыкка чыгат. Мындай чоң иштердин президенттин буйругу болмоюн ишке ашпай турганы баарына эле белгилүү болуп турат. Муну ошол кезде Батукаевди өтүшкөн ак кан оорусу менен ооруйт деп бүтүм чыккан учурдагы Башкы прокурордун аракетсиздигинен байкасак болот. Болбосо, онкологдор аныктама бергенден кийин прокуратура соттук-медициналык экспертиза дайындап, аныктаманын канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин текшериши керек болчу. Бирок ошол кезде текшербей туруп эле чыгарып ийишкен. Ошол кезде Башкы прокуратура да, УКМК да президентке карайт болчу. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев бийликти толугу менен узурпациялап, өз көзөмөлүнө алып алган болчу. Ал учурдагы иштерди Атамбаевден сураш керек.

— Бул иш аягына чыгабы?

— Менин оюмча, чыкпайт. Анткени, мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек болгондордун тең жарымы азыркы бийлик менен кызматташып жатат. Адилеттүүлүк болуп, алар да жообун ала турган болсо, анда азыркы бийликке дагы бир ишеним жаралат. А бул иште Атамбаевге жетип, ага сес көрсөтүп же куугунтукка алуу менен эле чектеле турган болсок, Атамбаевдей болуп эле ишти жарым бойдон калтырган болот. Менимче, азыркы президент мындай болушуна жол бербейт.

— Азыркы депутат Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча маалымат берем деп органдарга чакырык таштап жатат. Ал ошол учурда ЖАМКны башкарып турган. Анын да бул иште жоопкерчилиги барбы?

— Албетте, бул иште Зарылбек Рысалиевдин да чоң жоопкерчилиги бар. Себеби, Батукаевдин ишинин аягында баары бир чыр чыгарын билип, Нарындагы түрмөнүн жетекчиси да, орун басары да эмгек өргүүсүнө качып кетишкен. Башчысы эс алууга кетип калса, орун басары ооруп жатам деп догурунуп эле ооруканага жатып алган. Ага карабастан, жаңы жетекчи дайындай коюшуп, Батукаевди камактан чыгарышкан. Анысы аз келгенсип, ага паспорт жасатып берип, аэропортко чейин ЖАМКнын «Омега» атайын тобу күзөтүп келген. Зарылбек Рысалиев азыркы бийликке жагалданып, Алмазбек Атамбаевди салып берип айыптан кутулам деген ою болушу мүмкүн. Бирок бул арга суу кечпейт.

Copyright © 2017 Maral FM