Бириккен Араб Эмираттарында тыюу салынган дары-дармектерди, так айтканда «Лирика» аттуу препаратты, аталган өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү фактылары боюнча акыркы кезде Дубай шаарынын Эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматы жана бажы органы тарабынан кармалган Кыргызстандын жарандарынын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.
Буга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине жана камакка алуу учурларына чалдыкпоо үчүн Кыргызстандын жарандарын сак болууга жана аэропорттордогу бейтааныш жана шектүү адамдардан бара жаткан чет мамлекеттердеги белгисиз адамдарга берүү үчүн ар кандай конверттерди жана бандерольдорду албоого чакырат.
Эгерде, жарандардын колунда же багажында чет элдик мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан тигил же бул өлкөнүн аймагына алып кирүүгө мыйзам чегинде тыюу салынган кандайдыр бир буюмдар жана заттар табылса, жоопкерчилик жарандардын өздөрүнө жүктөлөт.
Жарандарга чет мамлекеттерге чыгуу алдында, бара турган өлкөнүн бажы эрежелери жана ички мыйзамдары менен терең таанышуу сунушталат.