Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Кыргызстандын ЕАЭБдеги үлүшүнөн 1 млрд сом түшпөй калган

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 419 | 0

2018-жылдын бюджети каралып жатканда Өкмөт өтө эле оптимисттик план кабыл алыптыр. Ал планды аткарууга Салык кызматы менен Бажы кызматы сыяктуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтура турган органдардын алы келбей калды. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБдеги үлүшүнөн 1 млрд сомдон ашуун каражат түшпөй калган.

«Биз өзүбүздүн алдыбызга реалдуу план коюшубуз керек экен. Ошону менен бирге, инвестия тартуу жаатында да кыйынчылыктар арбын. Ал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аларды макулдашуу жол-жоболору да создугуп кетүүдө», — деди Замирбек Аскаров.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Жылдызбек Исакулов өткөн жылы киреше боюнча план 95 пайызга аткарылганын билдирди.

«Объектилерди сатуудан 88 млн сом түшпөй калды. Дивиденддер жаатында да кыйынчылыктар бар. Өзгөчө объектилерди ижарага берүү жаатында мүчүлүштүктөр көп. Биз азыр абалды оӊдоо максатында аукциондук борборду ачып жатабыз. Ошондой эле, мамлекеттик сатып алууларга да ири өлчөмдөгү каражат жумшалууда, аны дагы бара-бара азайтышыбыз керек», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM