Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Путинге: Сиздин колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүктү

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 704 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди.

«Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Орусиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, Орусия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты.

Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүк ортосун бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM