Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө бардык аракеттерди көрүп жатат

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 597 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысы өз сөзүндө мугалимдеги жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчилик — эң зарыл сапаттар экенин белгиледи. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.


400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат


Сооронбай Жээнбеков санарип коомду куруу, билимге негизделген экономиканы калыптандыруу — билим берүүнүн ролун күчөтүүнүн, окутуу ыкмаларын өзгөртүүнүн, анын ичинде санариптик билимди өнүктүрүүнүн шарттарын белгилейт.

«Негизги максатыбыз — ар бир адам үчүн өз дараметин ачууга көмөктөшкөн, тажрыйбада колдонууга багытталган, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашкан, азыркы суроо-талапка жооп берген сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзүү. Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз. Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор. Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү — эң зарыл сапаттар», — деп айтылат куттуктоодо.


Мугалимдер күнү: Мугалимдердин 85 %ы аялдар


 

Copyright © 2017 Maral FM