Биз менен байланышыңыз

Мугалимдер күнү: Мугалимдердин 85 %ы аялдар

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 867 | 0

5-октябрь — Мугалимдер күнү. Бул майрам дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө белгиленет. Аталган күнгө байланыштуу Улуттук статистика комитети маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенгендер Кыргызстандагы калктын 9%га жакынын түзгөн.

Ошондой эле, өлкөдө 4 миңден ашуун билим берүү мекемеси иш жүргүзөт. 108 миңге жакын педагог эмгектенген бул мекемелерде 1,7 млн тарбиялануучу, окуучу жана студент бар.

Жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдердин 22 миңи шаар жеринде, 56 миңге жакыны айыл жеринде иштейт.

2018-2019-окуу жылынын башында республикада 2 265 жалпы билим берүүчү мекеме катталган.

Мектеп мугалимдеринин 85 %ын аялдар түзөт, алардын 28 %дан ашыгы директор жана директордун орун басары кызматын аркалашат. Мугалимдердин 87 %дан ашууну жогорку билимге ээ.

Жалпы эсеп менен алганда, бир мугалимге 16 окуучу туура келет. Ал эми жайгашкан орду боюнча бөлө келгенде, шаардык мектептерде бир мугалимге орто эсеп менен 20 окуучу туура келсе, айылдык мектептерде орто эсеп менен 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку окуу жайларында ар бир алтынчы студент мугалимдик кесипти тандаган.

Copyright © 2017 Maral FM