Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондо алдыга алып чыгууну максат кылдык

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 486 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясына катышты. Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчысы Кыргызстанды санариптештирүү боюнча региондогу алдыӊкы орунга алып чыгуу максат кылынганын айтты.

Мамлекет башчысы бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарылдыгын белгилеп, аларды атады.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта санарип технологиялары терең колодонулбай келген. Санарип инфраструктурасынын начардыгы -бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна тоскоолдуктарды жаратууда. Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан, айыл жергесине санарип технологиялары толук жете элек. Бул өлкөнүн, өзгөчө региондордун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген фактор”, — деп белгилейт Сооронбай Жээнбеков.

Ушул жана башка көйгөйлөрдү тездик менен чечүү үчүн атайын Жарлык чыгып, 2019-жыл — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Бул багытта алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштаганын өлкө башчы белгиейт.

“Түндүк” ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу Мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлду. Айрым мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү калкыбыз санарип форматында ала баштады. “Коопсуз шаар” долбоору ишке активдүү кирип жатат. Бул долбоор — Өкмөт пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес, ал жол кырсыктарын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор экенин баса белгилейм. Бул долбоор ишке киргенден тартып жолдо жүрүү эрежесин бузгандар 50 пайызга азайды. Жол кырсыгынын саны эки эсеге жакын кыскарды”, — деди өлкө башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM