Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин башкы катчысын кабыл алды

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 377 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Багдад Амреев Кыргызстандын Түрк Кеңешиндеги төрагалыгынын жыйынтыктары, Катчылыктын ушул жылдын 14-15-октябрында Азербайжанда өтө турчу Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин саммитине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Багдад Амреев Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин азыркы төрагасы — Кыргызстандын Президентинин тапшырмасы менен Катчылык экономикалык тармакта бирдиктүү кызматташтык боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатканына көнүл бурду.

Анын ичинде Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин Түрк инвестициялык-интеграциялык Фондунун концепциясы бекитилип, документтердин акыркы долбоору иштелүүдө.

Түрк Кеңеши түзүлгөндөн бери биринчи жолу биргелешкен Түрк Соода өнөр-жай палатасы түзүлгөн, ушул жылдын июль айында Стамбул шаарында кеңсеси ачылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк Кеңешине Өзбекстандын мүчөлүгү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк Кеңешинин Европа өкүлчүлүгүнүн ачылышы тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM